Бүгүн Санкт-Петербург шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

10:32, 27 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Санкт-Петербург шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.

Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорт тармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы темаларын, ошондой эле ЕАЭБ ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстандын жана РФнын катышуусунда өтөт.