Жалал-Абадда заманбап тигүүчү ишкана ишин баштады

10:24, 27 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абадда заманбап тигүүчү ишкана ишин баштады. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Алардын маалыматында, «Баян-стиль» фабрикасы быйыл мектеп формаларын тигүүнү да колго алмакчы.

Ишкананын продукциясы азырынча жергиликтүү базарларга гана чыгарылууда. Эгер кардарлар көбөйсө, тигүү жайы дагы да кеңейтилип, 120 адамды иш менен камсыз кылуу мүмкүндүгү бар.