03:10
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жыл башынан бери 27 кумар оюн-зоок жайы аныкталды

Жыл башынан бери кумар оюндарынын мыйзамсыз уюмдары боюнча 27 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев билдирди.

Жалпысынан 28 мыйзамсыз оюн-зоок ойноочу жай аныкталган. Анын айтымында, каржы полициясы мындай жайларды жок кылуу үчүн бардык күчүн жумшаган.

«Атайын мобилдик топтор түзүлдү. Мыйзамсыз иштеп жаткан оюн ойноочу жайлары тууралуу анонимдик каттар келип, ыкчам кызматкерлер барса, эч нерсе таппай келген фактылар бар. 50 пайызга жакын иш сотко өткөрүлүп берилди», — деди ал.

Э.Жамгырчиевдин билдиргенине караганда, мындай бузуулар үчүн кылмыштын оордугуна, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыянга жараша айып пул төлөнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар