Сапар Исаковдун туулган күнүн тарапташтары Бишкектеги Эмен багында белгилешет

16:00, 26 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаковдун туулган күнүн тарапташтары Эмен багында белгилешет. Бул тууралуу жарыяны анын колдоочулары Facebook социалдык түйүнүнө жайгаштырышты.

29-июль күнү Сапар Исаковду туулган күнү менен куттуктап, калоо-тилек айткысы келгендерди Эмен багына чакырышат. Иш-чара саат 12.00дө 18.00гө чейин болот.

Эскерте кетсек, Сапар Исаковго Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон иштин алкагында айып тагылып, камоого алынган.