Ысык-Көлдөгү пансионатта өрт чыкты

08:59, 26 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жайгашкан пансионатта кечээ кечинде өрт чыкты. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Маалыматка караганда, пансионаттын коттеждери өрттөнгөн. 3 эркек адам 2-даражадагы күйүк алып, Ананьево айылындагы ооруканага жеткирилди.