16:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Атамбаев Райымбек Матраимовдун соттон өкмөттү утушун өч алуу катары баалады

«Иш жүзүндө бул аты белгилүү «Раим —миллиондун» достору менен колдоочулары тарабынан өч алуу», — дейт мурдакы президент Алмазбек Атамбаев.

Анын пикиринде, Биринчи май райондук сотунун Райымбек Матраимовду бажыдагы жетекчилик кызматка кайтаруу жөнүндөгү чечими менин 2018-жылдын 6-июндагы билдирүүсүнө далил.

«Тактап айтканда «бажыдагы уурулуктун бетин ачкан мамлекеттик ишмерлерди (Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду) камакка алуу жөнүндөгү чечим бул иш жүзүндө кызматынан бошотулгандан кийин жакшы жакка өзгөрүүлөр жана бажы төлөмдөрүнө кескин жогорулоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн аты белгилүү «Раим-миллиондун» достору менен колдоочулары тарабынан өч алуу» — деп айтканымды таксыктайт», — дейт эскертет Алмазбек Атамбаев.

Ал Райымбек Матраимов бажыдагы ордуна расмий түрдө кайтып келбесе дагы бюджет толтуруучу түзүмдөрдү иш жүзүндө башкара берерин белгилейт.

«Тилекке каршы, менин Сооронбай Жээнбековдун жеке өзүнө, андан кийин 2018-жылдын 31-мартында элдин көзүнчө айткан кеңештерим менен эскертүүлөрүмдү ал көңүлгө алган жок. Анын тегерегиндегилер тарабынан башталган коррупция менен укмуш күрөшүп жаткандай түр көрсөтүүгө жамынып алып, саясий оппоненттерден өч алуу бийликтин, ошондой эле коррупция менен күрөшүүнүн жарыя кылынган курсунун кадырын кетирет», — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн сот Райымбек Матраимовдун бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча доо арызын канааттандырып, өкмөткө аны кайра ордуна коюну буйруду.

Эң көп окулган жаңылыктар