Автобус катышкан жол кырсыгында 16 киши жабыркады

13:25, 25 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Автобус катышкан жол кырсыгында 16 киши жабыркады. Бул тууралуу «24.kg» Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
 
Маалыматка караганда, алардын бешөө гана ооруканага жаткарылып, калгандары даарыгердин кароосунан өткөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
 
Бишкек шаарындагы жаракат жана ортопедия борборуна бирөө, Чүй облустук оорукана төртөө жаткарылды.