Кыргызстанда бир суткада 26 өрт кырсыгы катталды

11:20, 25 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Министрликтин билдирүүсүндө, көбүнчө, куураган чөптөр күйүп кетүүдө.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылынын Түрк-Колот жайытында турак үйдүн короосунда болжол менен 25 түк жыйылган чөп күйгөн.