01:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Коопсуз шаарга» тендер жарыяланды. Видео орнотуучу көчөлөрдүн тизмеси

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга 2,5 миллиард сомго тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында маалымдалат.

Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин билдирүүсүндө, шаар ичиндеги 38 кесилиште жана аймактагы жолдордун 52 жерине видео байкоо орнотулат.

Бишкекте байкоо төмөнкү көчөлөргө орнотулат: Бөкөнбаев жана Манас, Чүй, Жибек Жолу жана Жаш гвардия, Чүй жана Фучик, Чүй жана Павлов, Элебесов жана Аул, Л.Толстой жана Жаш Гвардия, Л.Толстой жана Бакаев, Чүй жана Бейшеналиев, Жибек Жолу жана Фучик, Дэн Сяопин жана Б.Алыкулов, Дэн Сяопин жана Садыгалиев, Чүй жана Жаш Гвардия, Жибек Жолу жана Манас, Бөкөнбаев жана Жаш гвардия, Б.Алыкулов жана М.Өмүракунов, М.Ганди жана Боталиев, Ахунбаев жана Тыналиев.

Бишкек-Ош жолунун 61, 64, 71,5, 74,5,78, 146,3, 149, 153, 154,3, 160-чакырымында.

Бишкек — Чалдовар жолунун 61,6, 66, 67,3, 74, 78,2-чакырымында, «Манас» аэропортуна карай 9, 10,2, 13, 14,5, 22,5, 23, 27, 30- чакырымында, Бишкек — Кордай тарапта Ленинск айылында орнотулат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума