13:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Раим миллион» кызматтан жүйөөсүз кетирилген. Сот аны кайра ишке алууну буйруду

«Раим миллион» аттуу Райымбек Матраимов Бажы кызматына кайра ишке алынышы керек. Бул чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту Алмазбек Калыбаев кабыл алды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

Апрель айында Матраимов сотко кайрылып, иштен жүйөөсүз бошотулгандыгына даттанат. Бүгүн сот аны кайра ордуна алуу өкүмүн чыгарды.

«Раим миллион» лакап атка конгон Райымбек Матраимов бажыдагы мыйзамсыз жыйымдарга айыпталып келет. Өзү учурда чет өлкөдө жүргөндүгү айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар