Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматынан бошотулду. Ал премьер-министрдин буйругу менен Ош облусун жетектөөгө барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп шайланган.
Узарбек Жылкыбаев 2017-жылдан бери Ысык-Көл облусунун башкарып келет. 2016-жылы Кыргызстан социал-демократтар партиясынын атынан парламентке депутат болуп шайланган.