Орусияда өлтүрүлгөн беш жашар тажик кыздын сөөгү мекенине жеткирилет

14:58, 24 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жол станциясынан алыс эмес жерде табылган беш жаштагы тажик кыздын сөөгүн шаршембиде Тажикстанга алып келишет.

Ваиданын атасы Абдусалом Саидов кызынын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан кийин моргдо экенин билдирди.

Ваиданын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду.

Орусиялык ММКлардын маалыматы боюнча беш жаштагы Ваида 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү темир жолдун жээгиндеги спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертизада кыз зордукталып, андан кийин бычак менен сайылып өлтүрүлгөнү аныкталган.

Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү жашоочу, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалганын билдирди. Анын үйүндө кыздын бут кийиминин жана манжаларынын издери табылган.