Жети-Өгүздө көлгө чөгүп кеткен жаран изделүүдө

14:51, 24 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп кеткен жаранды изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

23-июль күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы «Натали» пансионатында эс алып жүргөн 1976-жылы туулган С.А.Ю. аттуу жаран (эркек) сууга чөгүп кеткен.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери 50дөй жаран сууга чөгүп кетти.