Москвада жеке менчик клиникада кыргызстандын жараны көз жумду

14:31, 24 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Москвада жеке менчик клиникада кыргызстандын жараны көз жумду. Бул тууралуу россиялык ЖМК билдирет.

Полиция ооруканада 40 жаштагы Жазгүл аттуу аялдын өлүмүн ырасташкан.

Маалыматка караганда, аял пластикалык операция жасоо үчүн кайрылып, ледокоин сайылгандан кийин каза болгон.

Териштирүү иштери башталды.