Ысык-Көлдө катуу шамал чатырларды учурду

10:07, 24 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында кечээ кечинде ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жеткен шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Шамал кааланын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан «AVEP» окуу борборунун болжол менен 200 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган чатырын учуруп кетти. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.