Өзгөндө жол кырсыгында 24 жаштагы жигит каза болду

09:33, 24 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Өзгөн районунун Жазы айылындагы унаа кырсыктан 24 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, кырсыктын улам алган жаракаттарынын кесепетинен Кызыл-Дыйкан айылынын 1994-жылы туулган тургуну мерт кетти. Анын 1994-жылы туулган айылдашы ар кандай жаракаттары менен райондук ооруканага жеткирилди. Учурда аталган кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.