Көчмөндөр оюнунун ачуу жана жабуу аземине 8 миллион сом кийим даярдалат

09:16, 24 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачуу жана жабуу аземине 8 миллио 716 миң сомго кийим даярдалат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сынак жарыяды.

Костюмдор театрдаштырылган постановкалардын каармандары жана жалпы оюн-зоокко катышкандар үчүн тигилет. Жалпысынан 1 миң 608 костюм талап кылынат.

Министрлик сапаттуу кезмедемен тигилген костюмдарды гана сатып алат.