09:01, 24 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарындагы кафеден чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, Октябрь районунун Каралаев көчөсүндө жайгашкан «Зимняя Бухта» кафесинен чыккан өрт саат 08:39да чектөөгө алынды.
Бүгүн таң эрте көп кабаттуу үйдүн жанындагы кафе күйүп жаткандыгы маалымдалган.