Чүйдө көлмөгө түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

18:01, 23 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусундагы көлмөгө чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 23-июль күнү саат 14:20 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында 1986-жылы туулган Ж. А. көлмөгө чөгүп кеткен.

Издөө иштерине 14 куткаруучу тартылган.