Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министерлери жолугушту

17:53, 23 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Ата шаарында Тажикстан жана Кыргызстан тышкы иштер министрлери — Сироджиддин Мухриддин менен Эрлан Абдылдаев жолугушту. Тажикстан ТИМи билдиргендей, 21-июлдагы кездешүү Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин алкагында өткөн.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу мамилелер, саясат, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуулардын мындан аркы келечеги талкууланды.

Терроризм жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүү, чек араларды делимитациялоо жараянын тездетүү, суу-энергетикалык маселелерди чечүү, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү жагдайлары боюнча пикир алышты.

Эки өлкө министрлери президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылы февралда Тажикстанга болгон сапары учурунда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгилешти.