12:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичине Кыргызстанда айлык акы эң аз

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичине Кыргызстанда айлык акы эң аз. Бул тууралуу «2011-2017-жылдагы айлык акыны өлкөлөр аралык салыштыруу» атайын басылмасында айтылат.

Талдоочулар айлык акынын көлөмүн салыштырууда товар жана кызматтардын улуттук валютадагы наркын эсептеш чыгышкан.

Орусия орточо айлык акы −670 доллар, Казакстанда 459 доллар, Беларуста 421 доллар, Арменияда 363 доллар, Кыргызстанда 216 доллар.

Адистер 2017-жылга катара доллардын наркын өлкө жарандарынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө карата дагы салыштырып чыгышкан. Кыргызстанда ал 20,92 долларды, Казакстан 119, 54 долларды, Орусияда 23,86 долларды, Арменияда 194,4 долларды, Беларуста 0,49 долларды түздү.

Жыйынтында сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө ылайык айлык акы боюнча Беларус алдыга озду ( 1 миң 648 доллар), Орусия 1 миң 640 доллар, Казакстан 1 миң 252 доллар, Армения 886 доллар.

Ал эми Кыргызстан 711 доллар.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби