8-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт

13:51, 23 июля 2018, Бишкек - 24.kg

8-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт.

Эскерте кетсек, 13-июль күнү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишенбестик көрсөтүшкөн. 19-июль күнү премьер-министр Албек Ибраимовду шаар башчылыгынан бошотту.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Дастан» заводунун мүлкүн жок кылуу айыбы менен кармалып, 29-августка чейин камалды. Бүгүн УКМК экс-мэрге муниципалдык жерди сатуу боюнча дагы «жемкорлук» беренеси менен айып такты.