06:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алайда көлгө чөгүп кеткен өспүрүм изделүүдө

Алай районунда Тулпар-Көл көлүнө чөгүп кеткен 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, 22-июль күнү саат 14.48де өспүрүмдүн сууга чөгүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн. 11 куткаруучулар аны издеп таба алышкан эмес.

«Эки өспүрүм көлдү сүзүп өтмөй болушкан. Бирөө орто жолго келгенде чөгүп баштайт. Туристтер баланы куткарууга аракет жасап, бирок, таппай калышкан», — дейт ӨКМ.

Эң көп окулган жаңылыктар