01:16
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Жаштар» эс алуу жайы калыбына келтирилди

Батыш автобекетинин аймагында жайгашкан «Жаштар» эс алуу жайы калыбына келтирилген соң ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, оңдоо иштери 2017-жылы башталган. Аталган эс алуу жайдын аймагы 27 гектарды түзөт. Анын 4,5 гектары калыбына келтирилди.

«Аталган эс алуу жайында жарыктар орнотулуп, асфальт төшөлдү. Гейзердик фонтан, балдар аянтчасы, футбол талаасы курулду. Парктын айланасында сутка бою милициянын пункту иштеп турат», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар