Ошто эркек киши каналдагы сууга чөгүп каза болду

10:41, 20 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында эркек киши каналдагы сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Масалиев көчөсүндөгү Якалик каналына эркек кишинин чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштеринин натыйжасында чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылып, Ош шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына өткөрүлүп берилди.

Учурда жарандын аты-жөнү такталууда.