Азия чемпионаты. Кыргызстандык 2 балбан айым алтын медалдын ээси болушту

09:14, 20 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык 2 спортчу аялдар арасында өткөн күрөш боюнча Азиянын чемпионаты болушту. Бул тууралуу күрөштүн бириккен дүйнөсү сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, салмак категориясында Мээрим Жуманазарова Кытай, Түштүк Корея, Казакстан жана Индиядан келген спортчу айымдары жеңип, алтын медалды багындырды.

Ал эми салмак категориясында Айпери Медет кызы Индия, Казакстан, Монголия жана Кытайлык спортчулар менен беттешип, алдыңкы орунга ээ болду.

Эске салсак, спорттук иш-чара Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.