Бишкектин 34 көчөсүндө жарык өчүрүлөт

08:45, 20 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин 34 көчөсүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу жарык берүү төмөнкү көчөлөрдө өчүрүлөт:

Саат 09:00-11:00гө чейин Жаш Гвардия бульварын, Фрунзе, Абдумомунов, Калык Акиев, Тимирязев, Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрү;

Саат 09:00дөн 14:00гө чейин Алматы көчөсүндө, Жибек Жолу проспектиси (Аламүдүн районунун аймагы);

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Древесная, Осмонкул, Күрөңкеев, Панфилов жана Эстонский көчөлөрү;

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Кривоносов, Циолковский көчөлөрү, Луцкий чолок көчөсү;

Саат 09:30дан 17:00гө чейин Тыныстанов жана Медеров көчөлөрү;

Саат 09:30дан 18:00гө чейин Боталиев, Кызыл-Кыя, Измайловский, Дархан, Саруу көчөлөрү, Ужгород туюк көчөсү;

Саат 11:30дан 13:00гө чейин Леваневский, Абдыкадыров, Шмидт, Тайшетская, Красная жана Матыев көчөлөрү;

Саат 15:00дөн 17:00гө чейин Арча-Бешик конушу (Эр-Тайлак, Камбар-Ата жана Арча-Бешик көчөлөрү).