Маалыматка караганда, алар «террордук топ түзүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө катышууга, ошондой эле терроризмди пропагандалоого» шектелүүдө.
«Кармалгандардын жанынан курал-жарак жана диний материалдар табылды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иш боюнча башка маалыматтар ачык айтылбайт», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Учурда бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.