16:09
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Издөө салынат! Чүй облусунда 2 бала дайынсыз жоголду

Чүй облусунда 2 бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон Кубаныч уулу Медербек менен Исламбек Назарбаевди издеп жатышат. Алар Октябрь айылында 18-июлда кечки саат 7 жарымда үйлөрүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келишкен эмес.

Эки бала тең 2004-жылы туулган.

Кубаныч уулу Медербек 

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, орточо дене түзүлүштө, кара кыска чачтуу, көздөрү кара түстө. Окуя болгон күнү кара түстөгү футболка, көк кепка, көк шорта, күрөң түстүү бут кийим кийип, кара рюкзак көтөрүп жүргөн.

Исламбек Назарбаев 

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, орточо дене түзүлүштө, кара кыска чачтуу, көздөрү кара түстө. Окуя болгон күнү көк түстөгү футболка, көк шым, кара түстүү спорттук бут кийим кийип, кара рюкзак көтөрүп жүргөн.

ШИИББ балдар тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номурларга чалып, билдирип коюуну суранат: 0312363527, 0700209666 , 0550510905 же 102.

Эң көп окулган жаңылыктар