Дайынсыз жоголгон 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды

16:01, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылында дайынсыз жоголгон 5 жашар кыз сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Буга чейин 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кыз эс алуу жайында ойноп жаткан жеринен дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат жарыяланган. Божомол боюнча жаш кыз Кара-Алма суусуна тушүп кеткен.

Издөө иштерине  жалпысынан 23 адам  тартылган. Кыздын жансыз денеси болжол менен өзү жоголгон жерден Кара-Алма суусун бойлой 500 метр ылдый тараптан куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.