14:44, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Ушул жылдын 1-июлунан тартып Кытайга виза алуу үчүн жаңы онлайн-анкета толтуруу системасы ишке кирди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Кытайга бара турган (Гонконгдон башка) жарандар https://cova.cs.mfa.gov.cn/ сайтындагы онлайн-анкетаны толтуруп, күнү менен убактысын белгилеп алуусу керек.
«Анкетаны толтургандан кийин аны кагазга чыгартып алуу керек. Толук маалымат алуу үчүн Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин сайтына кириңиздер», — деп жазылат маалыматта.