12:17, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1975-жылы туулган О.Д. аттуу жарандын жанынан октору менен тапанча жана маки табылды. Кармалган шектүү криминалдык төбөл Рыспек Акматбаевдин жакыны болуп чыкты.
Тергөө амалдары уланууда.