Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту

11:12, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууга 40 өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган. Анда мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болмокчу.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүүдө.