06:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түп районундагы Суран жайлоосунда чагылган түшүп, 44 баш кой өлдү

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Суран жайлоосунда чагылган түшүп, 44 кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, чагылган К. Солтоевдин короосуна түшүп, анда камалган 44 кой жана 12 баш эчкиси өлгөн.

Кутургу айылынан 6 чакырым алыстыктагы мал көмүлүүчү жайга белгиленген тартипте өлгөн жаныбарларды көмүү иш-чаралары жүргүзүлдү. 

Эң көп окулган жаңылыктар