Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы сайтын жапты. Учурда баракчасы vak.kg/lib ачылбайт.
Жогорку аттестациялык комиссиянын сайтына миңден ашык илимиий иштер киргизилген. Буга чейин аларды ачык карап окуп чыгууга болот эле.
Белгилей кетсек, Орусиянын «Диссернет» сайты жакында эле Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаковдун кандидаттык иши дагестандык окмуштуунун илимий эмгегинен уурдалгандыгын аныктап чыккан.
Эркин Исаков плагиатты мойнуна албаса дагы, илимий даражасынан баш тартууга даярдыгын билдирген.

