Бишкектеги Фучик эс алуу жайы ачылды

09:34, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Фучик эс алуу жайы калыбына келтирилгенден кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган парк 1935-жылы курулган. Андан бери бир дагы жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

«Ремонт иштери былтыр башталган. Жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнгөн. Учурда аталган жайда жарыктар алмаштырылып, 22 камера орнотулду.», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары сугат түйүндөрү калыбына келтирилди. Паркта 45 отургуч, 90 таштанды салуучу челек, 13 күндөн калкалоочу чатыры бар бастырма, 3 беседка орнотулду.