Бишкекте Комсомол менен Пионер көлүнө гана түшүүгө расмий түрдө уруксат берилген

09:16, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Комсомол менен Пионер көлүнө гана түшүүгө расмий түрдө уруксат берилген. Бул тууралуу вице-мэр Геннадий Милицкий билдирди.

Анын айтымында, аталган жайларда гана куткаруу топтору иштеп жатат.

«Калган жалпы пайдалануучу көлмөлөр нормага туура келбейт, мындан улам түшүүгө тыюу салынат», — деди ал.

Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бакытбек Дүйшембиев райондук администрацияларга калк арасында жайкы мезгилде сууга түшүү эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.