Калктын аярлуу катмарындагы 2 миңден ашуун жаран үйдөн чыкпай паспорт алышты

08:55, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Калктын аярлуу катмарындагы 2 миңден ашуун жаран үйдөн чыкпай паспорт алышты. Бул тууралуу каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын алдындагы мобилдүү топ борбору 2016-жылдан бери Бишкек боюнча 2 миң 298 жарандын үйлөрүнө барышкан. Алардын ичинен 2 миң 186 жаран үйлөрүнөн чыкпай акысыз паспорт алышкан.

Акыркы эки жыл аралыгында мобилдүү топ 25 миң 848 жолу үйлөргө чыгып, 1994-жылкы эски паспортторду ID-картка алмаштырып беришкен.

Аталган кызматтан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, орукта эмгектенгендер, балдар үйлөрүндө тарбиялангандар, жетимдер, карылар үйүнүн жашоочулары жана биринчи топтогу майыптар бекер пайдалана алышат.