08:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Канатбек Исаев абактан үй камагына чыгарылды

Канатбек Исаев абактан үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 30-сентябрда кармаган. Ага «депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат» деп интернетте тараган видео себеп болгон.

Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси («Кылмышка даярдануу»), 233-беренеси («Калайман башаламандык») жана 295-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу») менен иш козгогон.

Белгилей кетсек, ушул эле иштин алкагында Өмүрбек Бабановго дагы айып тагылган.

5-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков бул кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу чечим чыгарды.

Ал эми Канатбек Исаевге карата ага чейин козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Ал «2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда жемкорлук кылган» деп айыпталып жаткан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар