USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

12:04, 18 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу маалымат жыйында ТИМдин башчысы Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, Түркия лидеринин сентябрда келиши күтүлүүдө.

«Түркиянын президентинин ант берүү аземинен кийин сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Анын негизинде Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга келиши менен бир канча маанилүү документке кол коюу пландалууда», —деди Эрлан Абдылдаев.

Ал билдиргендей, аталган ведомство биринчи жарым жылдыкта 28 эки тараптуу жана 113 көп тараптуу эл аралык документтерге кол коюлган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика