03:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто 3 күн аралыгында 5 киши ѳз өмүрүнө кол салып, төртөө аман калды

Ош шаарында акыркы 3 күн аралыгында 5 жаран ѳз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, алардын бирөө көз жумуп, төртөө аман калды.

14-июлда шаардын 16 жаштагы тургуну кѳп кабат үйдүн терезесинен боюн таштаган. 15-июлда Кара-Суу районунун конокко келген 50 жаштагы тургуну асынып, өз жанын кыйган. Ушул эле күнү шаардын 25, кийин 21 жаштагы тургуну (аял) ири ѳлчѳмдѳгү димедрол дарысын ичип, ѳзүн ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет жасашкан.

Эскерте кетсек, Ош суицид боюнча алдынкы катарда. 2018-жылдын беш айында 32 өз өмүрүнө кол салуу фактысы катталды. Ал эми 2017-жылы 300гө жакын өспүрүм жарык дүйнө менен коштошууга аракет кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар