Шопоков шаарында өрт кырсыгында 1 киши каза тапты

10:33, 18 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Шопоков шаарында өрт чыгып, 1 киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, шаардагы Ала-Арча жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде вагон күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 1957-жылкы Т.Н., аттуу киши күйүп каза болду.

Куткаруучулар жансыз денени алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.