Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 5 киши жаракат алды

10:07, 18 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 5 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло альбай калып жол кырсыгына учураган. Кесепетинен 2 киши оор, ал эми 3 жүргүнчү жеңил жаракат алышкан.