Өзүн өзү атып алган жоокер Улуттук госпиталга которулду

09:48, 18 июля 2018, Бишкек - 24.kg

ЖАМКтын өзүн өзү атып алган жоокери Чүй облустук ооруканасынан Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

«Жоокер өзүн атып алган. Учурда ал комада жатат», -деп билдиришти аталган ведомстводон.

Эске салсак, 13-июлда жоокер кызмат учурунда кокустан өзүнүн башына ок чыгарып алган.