USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Кыздын өлүмүнө апасы жана агасы шектелүүдө. Ал май айында никесиз уул төрөгөн

09:42, 18 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда аял турмушка чыга элек кызын никесиз төрөгөндүгү үчүн апасы жана агасы өлтүрүшкөн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ош ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сапарбаев атындагы каналдан зордолуп өлтүрүлгөн кыздын денеси табылган. Анын сууда жатканына 12 күн болгондугу аныкталды.

«Кыздын буту таңылып, башы жарылган экен. Териштирүү маалында аны өз энеси менен бир тууган агасы өлтүргөнү аныкталды. Энеси кызына сабак болсун деп коркутуу максатында каналга таштап койгондугун айтты», — дап жазылат маалыматта.

Билдирүүгө таянсак, май айында каза болгон кыз никесиз уул бала төрөгөн. Ал наристени башка үй-бүлөгө асырап алыш үчүн берип салган. Ал эми кыздын туугандары намыстанып кылмыш ишин жасашкан.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика