Чүй милициянын мурдакы жетекчиси аялынан бычак жеп ооруканага түштү

08:45, 18 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй ИИББнын мурунку башчысы Нурлан Сарчаев бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, ал өз үйүнөн жарадар болгон.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, Нурлан Сарчаев жубайы экөө араздашып кетип, аялы бычак менен жарадар кылган. Учурда ал Чүй облустук ооруканада жатат», — деп билдиришти укук коргоо органдары.

ИИМдин басма сөз кызматы аталган фактыны тастыкташты.

Эске салсак, Нурлан Сарчаев Жайыл РИИБда Бурулай Турдалиеванын өлүмүнөн кийин ээлеген кызматынан бошотулган болчу.