Arzuw басылмасы билдиргендей, былтыр мартта Түркмөнстандын Өнөр жай министрлигинин, Мамлекеттик транспорт жана байланыш институтунун өкүлдөрү жана түркмөн ишкерлери Кытайда болуп, кесиптештери менен тажрыйба алмашып келишкен.
Түркмөн басылмаларында өлкөдө чыгарылган компьютерлердин техникалык мүнөздөмөлөрү, баасы жана өндүрүүчүсү тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.
Жыл башында өлкө ЖМКлары ата мекендик «Айдын гиджелер» ишканасы ноутбуктар менен планшеттерди чыгарууну пландап жатканын кабарлашкан. Бул компания буга чейин LED—чырактарды өндүрүү менен гана алектенип келген.