9-15-июлда өткөн жолугушуу учурунда делегация мүчөлөрү Кыргызстандын Баткен жана Жалалабад облустары менен Өзбекстандын Наманган, Фергана облустары чектешкен жердеги аймактарга чыгып иштешкен. Натыйжада Гава жана Гавасай аттуу аймактардагы чек ара өтчү сызыктары аныкталганын өзбек тарап билдирүүдө.
Жолугушуу жыйынтыгы менен атайын протоколго кол коюлган.
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жолугушуу өткөнүн «Азаттыкка» коопсуздук боюнча вице-премьер Жеңиш Раззаков ырастады. Ал азырынча кайсы тилкелер аныкталганы боюнча маалымат жашыруун экенин жана чек араны делимитациялоо боюнча келишимде айтыларын билдирди.