Кыргыз авиакомпаниялары 647 миң 690 жүргүнчүнү ташыган

17:38, 17 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери кыргыз авиакомпаниялары 647 миң 690 жүргүнчүнү ташыган. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, жарым жыл ичинде эл аралык каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн саны 8 пайызга көбөйгөн. Ал эми ички каттамдар менен жүргөн жүргүнчүлөрдүн саны былтыркыга салыштырмалуу 5 пайызга азайган.

Чет өлкөлүк авиакомпаниялар эл аралык каттамдар боюнча 699 миң 724 жүргүнчүнү ташыган.