Жол тармагын каржылоого кеткен чыгым 1 миллиард 654 миллион сомду түздү

17:24, 17 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери жол тармагын каржылоого кеткен чыгым 1 миллиард 654 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин коллегиясында маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, бир жылга бөлүнгөн каражаттын 52 пайызы коротулду.

Унаа жана жолдор министрлиги жолдордун курулушуна 1 миллиард 743 сом бөлгөн. Учурда республикада жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат.